Нарында жарым миллион сомдук спирт ичимдиктер талкаланды

Нарын облусунун Эмгекчил айылында жарым миллион сомдук спирт ичимдиктери талкаланды. Жергиликтүү жаштар кыштакта спирт ичимдиктерин саттырбоо максатында ушундай кадамга барышты. Бул тууралуу айылдын жаштар уюмунун төрагасы Жаныбек Сопиев билдирди.

Тургундар акча топтоп, 400 миң сомго дүкөндөрдөгү арак-шарапты сатып алган. Мындан сырткары сатуучулар өздөрү 100 миң сомдук спирт ичимдиктерин да кошушкан. Чогулган ичимдиктерди 11-12-август күндөрү айыл четине алып чыгып талкалашкан.

Тургундар арактын айынан терс көрүнүштөр болуп жатат деген негизде ушундай кадамга барганын белгилешүүдө. Буга чейин Нарын облустук казыяты аймактагы беш кыштакта арак сатылбай калганын билдирген.Жакында эле Оштун Жапалак айылындагылар дүкөндөрдөгү арактарды жок кылышкан болчу.

Сүрөт: Спутник

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.