Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн арасынан Кыргызстан 82-орунду ээледи

Кыргызстан өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн арасынан 82-орунда турат. Мындай жыйынтыкты Legatum Institute(бардык мамлекеттердин жетишкендиктерин жана өнүгүп- өсүүсүн байкап, жыл аягында жыйынтык чыгарган компания) жыл жыйынтыгында жарыялады.

Эксперттер 149 өлкөнү бир канча критерийлер  менен анализдеп чыгышкан. Алар: экономика, билим берүү, коопсуздук, ден-соолук, жеке эркиндик, социалдык абал, башкаруу жана айлана-чөйрө.

Кыргызсандын алдыңкы орунга жылышына өбөлгө түзгөн, эң жакшы көрсөткүчтөрү болуп ден-соолук, билим берүү, экономика жана айлана-чөйрө табылган.

Ал эми Орто Азия өлкөлөрүнүн арасынан алдыңкы сапта Казакстан 72-орунду ээлеп турат. Белорусия 95-орунда болсо, Армения – 96, Россия – 101, Тажигстан 102-орунда. Өзбекстан жана Түркмөнстан рейтингге кирген эмес.

Эң алдыңкы орундарды алган өлкөлөр – Норвегия, Жаңы Зеландия жана Финляндия. Орундардын акыркы сабын Йемен ээледи.

 

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.