
Күч кызматындагылар ыкчам издөө иш аракеттерин жүргүзүштү. Анда Кара-Суу, Кара-Кулжа жана Кадамжай райондору иликтөөгө алынды. Жыйынтыгында тургундар катып жүргөн жети курал-жарак алынды.
Ошондой эле иликтөө жумуштары Кемин, Сокулук жана Чүй районунда да жүргүзүлдү. Ал райондордон да сакталып жүргөн куралдар алынып, ИИМге өткөрүлүп берилди.
Ички иштер министрлигинен кошумчалашкандай, мыйзамсыз катылып жүргөн курал жарактарды иликтөөгө алуу мындан ары башка облустарда да уланат.
- 11.04.2017