Муунуп алган. Өзгөндөгү 8 жашар кыздын өлүмү териштирилүүдө

27-ноябрь күнү саат 15:25 чамасында Өзгөн районунун Жылалды айыл аймагына караштуу Макаренко айылынын тургуну 8 жашар кыздын асынып өлгөндүгү жөнүндө Өзгөн РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө кабар берген.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган учурда 14:30 чамасында 8 жашар кыш белгисиз себептерден улам үйүнүн короосундагы эки кабаттуу мал сарайда чөп таңгактаган (пресс) жип менен асынып өлгөндүгү белгилүү болгон.

Маалыматка ылайык, маркум Өзгөн районунун Жылалды айыл аймагына караштуу Макаренко айылындагы мектепте 3-класста окуган. Окуя болгон күнү онлайн сабакка  катышкан эмес. Ал күнү апасы мугалим болгондуктан балдары онлайн сабакка колдонуучу уюлдук телефонунун алып онлайн конференцияга катышуу үчүн мектепке кеткен. Үйүндө 10 жаштагы эжеси жана 5 жаштагы иниси менен калган. Чоң атасы менен атасы жума намазда болушкан.

“Маркум өз жанын кыюусуна телефон жана сыналгы аркылуу көргөн тасмалар таасир этиши мүмкүн деген божомолдор бар. Себеби, маркум буга чейин өз жанын кыйган  кинотасмаларды кайталап көрө бергендигин жакындары билдиришүүдө. Окуя болгон күнү ал кыз кинодогу өзүн-өзү аскан эпизодду туурап жатып жиптен чыга албай калган болушу мүмкүндүгүн айтышууда”.

“Учурда Ош ОИИБдин жетекчилиги тарабынан атайын топ түзүлүп, алар тарабынан окуя боюнча хронометраж кылынып, эмне себептен асынып алгандыгы тууралуу иликтөө иштери жүрүп жатат”, – деп билдирди Ош ОИИБдин басма сөз кызматы.

Ош облустук ички иштер башкармалыгы ар кандай кырсыктардын алдын алуу максатында ички иштер органдарынын кызматкерелери менен тыгыз байланышта иш алып барууну суранат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.