
Кадамжайдагы Акжол Камбаров мектебинин директору кызматкерлерди негизсиз жумуштан кетирди деген чындыка дал келбейт. Бул тууралуу анда иштеген мугалимдер билдирип чыгышты.
Алардын айтымдарында, буга чейин кызматтан кеткен 8 адам өз милдеттерин так аткарган эмес. Ошондуктан иштен четтетилгенине өздөрү күнөөлүү дешет.
Мугалимдер кошумчалашкандай, жумуштан бошотулгандардын бири Пазилат Айдарованын жаңжал чыгарсам өз эрким менен кетем деген арызы да бар.
Эскерте кетсек,буга чейин Акжол Камбаров мектебинин директору Сайдилла Ысманов 8 адамды кысымга алып, айдады деп жумуштан бошотулгандар айтып чыгышкан.
- 14.04.2017