Атабаев: битир-садаканын 20 пайызга жакыны карылар үйлөрүнө берилет

Битир-садакадан чогулган каражаттын 20 пайызы муфтиятка, калган 80 пайызы облустук казыяттарга, райондук хатибияттарга жана жергиликтүү мечиттерге калат. Муфтиятта калган 20 пайыздын басымдуу бөлүгү карылар жана балдар үйлөрүнө берилет.  Бул тууралуу  “Ынтымакка” муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев билдирди.

Муфтиятта калган 20 пайыз каражатты бөлүштүрүүдө атайын коммиссия түзүлөт.

Бир ай орозо убагында  карылар, балдар, мүмкүнчүлүгү чектелгендерден келип түшкөн арыздар каралып, муктаждыктарга жараша бөлүштүрүлүп берилет.

Быйыл  республика боюнча 36 792 202  сом  садака битир топтолгон.

“Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы кайрымдуулук иштерин да жогорку деңгээлде жүргүзүүдө. Ар жылы битир-садакадан жыйналган акча каражаттарды арыздардын негизинде өз убагында таратып жана алардын социалдык мүдөөлөрүн  орундатууга бар күчтөрүн жумшап жатат.  Рамазан айында чогултулуучу битир-садака жыл өткөн сайын көбөйүүдө жана колунда жок, оорулуу жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга таратылып келүүдө”- дейт Максат Атабаев.

Муфтияттта калган 20 пайыз каражатты бөлүштүрүүдө атайын комиссия түзүлөт.

Бир ай орозо убагында карылар, балдар, мүмкүнчүлүгү чектелгендерден келип түшкөн арыздар каралып муктаждыктарга жараша бөлүштүрүлүп берилет.

  1. Оор операцияга муктаждар жана 1- топтогу майыптар.
  2. 2-топтогу майыптар жана жетим-жесирлер.
  3. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр.

Ал эми бардык казыят, хатибият жана аймактардагы мечиттер дагы өздөрүнүн аймактарында  ушундай тартипте таратып беришет.

Быйыл Рамазан айында берилүүчү битир бир адамга 1 килограмм 600 грамм буудайдын баасына барабар болгон. Натыйжада базар баасы менен алганда битир садака  ар бир адамга 30 сомдон эсептелген. Мындан сырткары жан башына ушундай эле салмактагы (1 килограмм 600 грамм) ун, мейиз же 3 килограмм 200 грамм салмактагы арпа, курма же анын акчалай наркы менен берсе болоору айтылган.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.