
Кечээ, 17-мартта муфтийликке арыздарды кабыл алып, каттоо аяктады. Бул тууралуу Аалымдар кеңешинин басма сөз кызматынан билдиришти
Аалымдар Кеңешинин катчылыгы билдиргендей, муфтий болуу үчүн сегиз талапкер арыз берди. Алар:
1. Нурбек Токтогулов
2. Сайдамир Жээналиев
3. Султанали Гапуров
4. Убайдулла Сарыбаев
5. Шүкүр Исмаилов
6. Шакир Маматов
7. Нематилла Жээнбеков
8. Ниязали Арипов
Мындан тышкары Аалымдар кеңешине мүчө болууга 75 талапкер документ тапшырды. Ал эми Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасынын кызмат ордуна 21 эсепчи катталды.
Шайлоо 5-апрелде өтөт.
- 18.03.2021