Муфтийлике арыздарды кабыл алуу ушул жумада аяктайт

Кыргызстан муфтийлигине арыздарды кабыл алуу ушул жумада, тагыраагы 17-мартта аяктайт. Бул тууралуу Мусулмандар дин башкармалыгынан маалым болду.

17-февралдан тарта Кыргызстандын муфтийлик кызматына талапкерлерден арыздар бир катар талаптар менен кабыл алына баштаган. Талаптарга жооп бербеген документтер эсепке алынбасы белгилүү болгон.

Учурда өлкө муфтийинин милдетин Жоробай Шергазиев аткарып жатат.

Эске салсак, мурдагы муфтий Максат Токтомушев 10-февралда кылмышка шектүү катары кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ага ажылык сапарга баруучулар тарабынан берилген каражаттарды пайдаланууга байланыштуу каржылык мыйзам бузуулар болгондугу, ал кылмышты жасоого катыштыгы бар деген айып коюлган.

Кийинчерээк Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту экс-муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин баш коргоо чарасын тандап, жашаган жеринен башка аймакка чыкпоо тилкаты менен үй камагына чыгарылган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.