Москвадагы мекендештерди колдоо үчүн “Жаңылан” штабы ишке кирди. Видео

Орусиянын Москва шаарында «Жаңылан» уюмунун алдында түзүлгөн “Мекендештерди колдоо” штабы иштей баштады. Бул тууралуу ЖКнын депутаты Жанар Акаев өзүнүн Фейсбук баракчасы аркылуу маалымдады.

Аталган штабдын негизги максаты түзүлгөн кырдаалга байланыштуу жардамга муктаж мекендештерге көмөк көрсөтүү болуп саналат. Штабдын иш-аракетин колдоого алган депутат Москвада мекенге жете албай жаткан жарандар учурда колдоого өтө муктаж экендигин белгиледи.

«Мен өз айлык маянамды чогултуп, 70 миң сом каражат которуп баштап бердим. Эми мекендештерибиздин тагдырына кайдыгер карабаган уул-кыздарыбыз улап кетет деп үмүт кылам жана ишенем”, – деди Жанар Акаев.

“Жаңылан”штабы биричи кезекте оорулууларга, кош бойлуу айымдарга жана кары-картаңдарга азык-түлүктөн жардам берет.

Буга чейин Кубанычбек Алибеков башында турган «Жаңылан»  эл аралык уюму депутат Жанар Акаев менен биргеликте Москвада жумушу убактылуу токтоп, муктаждыкка кабылган 100 үй-бүлөгө азык-түлүк тараткан.

Москвада бүгүнтөн тарта “Мекендештерди колдоо” штабы ишке кирди. Биринчи кезекте оорулууларга дары-дармек, кош бойлуу, кары-картаңдарга азык-түлүктөн колдоо болот. Штабдын телефону: 8-800-200-10-9-8. "Жанылан" уюму Москвада атайын штаб ачып, мекенчил жаштар чогулуп, ишти башташты, аларга чоң рахмат айтабыз! Мен өз айлык маянамды чогултуп, 70 миң сом каражат которуп баштап бердим, эми мекендештерибиздин тагдырына кайдыгер карабаган уул-кыздарыбыз улап кетет деп үмүт кылам жана ишенем. Буга чейин бөтөн элде кара жанын карч уруп иштеп, Кыргызстаныбызга, өз үй-бүлөсүнө каражат которгондор, азыр өздөрү жумушсуз отурушат, азыр эми ушундай кырдаалда алар бизди эмес, биз аларды колдой турган учур. Кол сунуп, ар кимибиз аз да болсо салым кошолу! Kubanichbek Alibekov, Nurlis Tokebaev, Шайлообек Курбаналиев, Канат Исаев, Ак Кеме, Максат МамбеткуловСоциальные страницы МОО Жанылан:▪Инстаграм: @janylan_ru▪Фейсбук: МОО Жанылан▪Вконтакте: МОО Жанылан▪Одноклассники: МОО Жанылан▪Телеграм: https://t.me/janylan

Опубликовано Janar Akaev Пятница, 8 мая 2020 г.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.