
Москвада кыргызстандык Tik Tok блогерге кол салуу болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 1991-жылы туулган Н.Д. аттуу КР жаранына мекендештери тарабынан каракчылык менен кол салуу фактысы тастыкталды.
Москва шаарынын милициясы Кыргызстандын үч жаранын кармады. Аларга РФ Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмыш (каракчылык) боюнча айып тагылган.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
- 24.01.2022