Москвада катуу жамгыр жаады. Күбөлөр тарткан кадрлар топтому

Кечээ, 18-август күнү Орусиянын борбор шаарында күн күркүрөп, мөндүр жаап, катуу шамал менен коштолгон  жаан чачын болду. Ага күбө болгон шаардын жашоочулары ал көрүнүштөрдү видеого тартып алышкан. Видеотасмалар орус телеканалдарынан көрсөтүлгөн.

Өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар министрлиги кечээ, түштөн кийин борбордун жана Москва облусунун тургундарын жаман аба -ырайы каптай турганын шашылыш эскерткен.

Шамалдын ылдамдыгы секундасына 25 метрге жеткени такталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги титирөөчү курулуштарга жакындабоого жана бак -дарактардын астында жашынбоого чакырган.

Кадрларда Москванын жанындагы Балашиха көчөлөрүн суу каптап, катуу жамгыр башталганын көрүүгө болот.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.