Москвада 10 айлык наристесин көчөгө таштап кеткен кыргыз жарандары кармалды. Видео

Москвада бир жашка чыга элек наристени көчөгө таштап кетишкен кыргыз жарандары аталган шаардын милициясы тарабынан кармалды. 

Окуя ушул жылдын 5-август күнү түндө болгон. Официалдуу ысымы жок 10 айлык наристени анын атасы жана чоң энеси Москвадагы кабат үйлөрдүн биринин алдына коляскага салынган абалда таштап кетишкен. Алардын мындай аракеттери кабат үйдүн алдындагы видео байкоого түшүп калган.

Видео байкоодон уйкудан ойгонгон наристе айланасында эч ким жок экендигин көрүп ыйлагандыгын көрүүгө болот. Жалгыз калган наристеге ошол жерден өтүп бара жаткан жаран жардам берип, тез жардам милициясын чакырган.

Учурда наристе ооруканада экендиги, абалы толук жакшы экендигин жергиликтүү телеканалдардын бирине аталган шаардагы балдар дарыгери Анатолий Корсунский билдирген.

“Ооруканага баланы өтө коркуп калган абалда алып келишти. Азыр жакшы, тамактануусу да жакшы. Медайымдар менен ойноп, жалгыз калса эле ыйлап жатат. Бардык медициналык кароолордон өткөрүлдү”,-деген дарыгер.

Баланы таштап кеткендер анын атасы менен чоң энеси экендиги маалым болгон. Сурак учурунда наристенин атасы келинчеги менен урушуп кетип, ал эжесиникине кетип калгандыгын айткан.

Ал эми баланын апасы наристесин жакшы көрөөрүн, аны алып кетээрин айттты:

“Мен баламдан баш тартпайм, аны аябай жакшы көрөм. Бул кокустук болду”,-дейт апасы. 

Москва шаардык милициясы тарабынан ата-эненин жашоо-шарты, абалы териштирилгени турат. Наристе учурда ооруканада.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.