Москва: Оппозиционерлердин үйлөрү тинтүүгө алынды

Орусия баш калаасында оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйга байланышы бар кишилердин үйлөрү тинтүүгө алынды. Полиция бир эле учурда ондогон даректерде тинтүү жүргүздү.

Навальныйдын тарапташтары тинтүү жүргүзүү 23-янврдагы акцияга байланыштуу козголгон кылмыш ишине байланыштуу экенин айтууда. Акция учурунда санитардык-эпидемиологиялык эрежелер сакталган эмес деген нигизде кылмыш иши козголгон.

Полиция бир эле учурда саясатчынын эки батиринде (биринде иниси, экинчисинде аялы жашайт) тинтүү өткөрдү. Жубайы Юлия Навальный бир топко чейин эшигин ачпай, адвокаты келишин күтүп турууну суранды.

Бирок полиция батирге бастырып кирип, адвокаты сыртта калган. Бир топтон кийин гана адвокаттардын батирге кирүүсүнө уруксат берилгени белгилүү болду. Ал эми Алексей Навальныйдын бир тууганы Олег жашаган батир тинтүүгө алынгандан соң аны 48 саатка камакка алышты.

“Навальный Live” каналы жана Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун (Орусияда чет өлкөлүк агент катары таанылган) имараты дагы тинтүүгө алынды.

Административдик жазага тартылып, камакта турган Навальныйдын басма сөз катчысы Ярмыш менен фонддун кызматкери Г.Албуровдун батирлеринде дагы тинтүү жүрдү. Ярмыш менен Албуровдун 23-январдагы акцияга чейин эле камакка алышкан.

“Медиазонанын” башкы редактору Сергей Смирновдун апасынын батиринде эки саттай тинтүү болду. Pussy Riot өкүлү Мария Алехинанын апасынын үйүндө дагы тинтүү өтүп, полиция анын чет өлкөлүк паспортун алып кеткени белгилүү болду. Андан сырткары дагы бир катар даректерде өткөрүлдү.

Жергиликтүү басылмалар ИИМ тинтүү иштерин “санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузган” деген берененин негизинде өткөргөнүн жазып чыгышты. Бирок полиция муну расмий түрдө тыстыктаган жок.

“Макулдашылбаган акциянын уюштуруучулары жаңы коронавирус инфекциясынын тарап кетүү тобокелчилигин жараткан. Мисалы, Москванын Пушкин аянтындагы иш-чарага катышкандардын арасында жашаган жери боюнча изоляцияда болушу керек болгон кишилер жүргөн”,-деп айтылат ИИМ билдирүүсүндө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.