Мода жаратуучулар. Президенттер стиль жөнүндө эмнелерди айтышкан?

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон эркектерди сакалын алып, аялдарды хижаптан баш тартууга чакырды. “Жаратканды акыл менен таанып, кийим, хижап, чалма жана сакал менен эмес, жүрөк менен сыйынат”, – деди ал. Рахмондун айтымында хижап кийген кыз-келиндер улуттук маданият жана салтты сыйлашпайт.

Айтмакчы, ал кийим боюнча өз пикирин айткан Борбор Азиядагы жалгыз президент эмес. “Ынтымактын” өнөктөшү – “Мейкин Азия онлайн”  мамлекет башчыларынын бул жааттагы эң эсте калган сөздөрүн эстеп көрүүнү чечти.

Хижапка жок!

Хижап менен узун сакалдар мекендештерин 2010-жылдан бери байыркы тажик элинин стилинде кийинүүгө чакырып келе жаткан Рахмонго гана эмес, башка башчыларга да жакпайт. Бир нече ай мурун Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев кийинүүнүн мындай стилин тандагандарды зекиди.

“Сабатсыздыктын айынан биздин жаш жигиттер сакалын узун түшүрүп, дамбалдарды кийип жатышат. Кара кийимге орногон казакстандык кыздардын саны өсүүдө. Бул биздин салт-санаабызга да, элибизге да туура келбейт. Буга мыйзам жүзүндө тыюу салууну караш керек”, – деди Назарбаев.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев болсо узун кара кийимдин ордуна кыска юбканы тандоо жакшыраак дейт. “Биздин аялдар совет доорунан эле кыска юбкачан жүрүшкөн. Кыска юбка кие беришсин, ага эч ким шахид бекитпейт. Башыңарга кирзо өтүгүн деле кийип алгала, эч кимди жардырбасаңар болду”, – дейт ал.

Өзүнүн оюн жеткиликтүү түшүндүрүш үчүн Атамбаев бүт өлкө аймагына хижаптардын ордуна улуттук кийимдерди тандоого чакырган көрнөктөрдү илдиртти.

Жылмайып коюңуз!

Чет элдик жылдыздар жанып турганды жакшы көрүшөт, анын ичинде жалтыраган тиштери да бар. Мадонна, Лана Дель Рей, Мелани Си, Ники Минаж, Рианна, Леди Гага жана башка көптөгөн ырчылар маал-маалы менен кымбат баалуу фикса (алып-салынуучу металл тиш) тагынып  чыгып калышат.

Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон болсо “алтын” жылмаюуга каршы. Ал чиновниктерге да алтын тиш салдырууга тыюу салган. Мектептердин бириндеги чогулушта мугалим айлык-акынын аздыгын айтып, Рахмонго арызданган. Президент: “Мугалимдер аз маянага даттанышат, а тиштери алтын. Мугалимдердин оозу толо алтын болуп турса, эл аралык уюмдар биздин кедейлигибизге кантип ишенсин!” – деген президент.

Алтын тиштерге Түркмөнстандын биринчи президенти Сапармурат Ниязов да тыюу салууга аракет кылган. “Тиштеримдин баары ак экенине сыймыктанам. Түркмөнстанда биз начар жашаган кезде алтын тиштер мода эле. Эскиден баш тартууга мезгил келди”, – деп элди үгүттөгөн ал.

Бирок кымбат баалуу нерселер, жалтыр-жултурлар, анын ичинде тиштер Борбор Азиянын айрым өлкөлөрүндө адатта бардар турмуштун белгиси, андыктан алтын тишти алмаштыруу азыр да көйгөй.

Пудра жөнүндө

“Пудра же хайлайтерди бүт бетке сүйкөбөгүлө. Бетти жылмакай кылган каражаттарды керек жерлерге гана койгула”, – дейт сулуулук боюнча консультанат Эвелина Хромченко.

А Сапармурат Ниязов болсо андан ашып өтүп, пудрадан баш тартууга чакырган. “Аялдар, кээде эркектер да калың пудра коюп алышат. Бул жол берилгис көрүнүш”, – деген түркмөнбашы алып баруучуларга (аларга гана эмес) косметика колдонууга тыюу салган.

Пудра тууралуу Нурсултан Назарбаев да айткан. Ачуусу келип турганда ал олигархтарга: “Биз көп бай адамдарды: миллиардер, миллионерлерди өстүрдүк. Forbes журналына сүрөттөрү чыгат, жакшынакай, боенуп, пудра коюшкан, мыкты кийинишкен. Бирок бул акчанын баарын иштеп табууга биздин өлкө – Казакстан мүмкүнчүлүк берди. Андыктан келгиле өз мамлекетибизге инвестиция салгыла” , – деп чакырган ал.

Баса, Алмазбек Атамбаевдин да атыр-упа дайым эле жардам бербей турганын айткан жайы бар. “Шанель”, “Диор” себинип, француз атыры жыттанып турсаңар деле, бирөөгө жамандык кылсаңар, сасык саясатчы болосуңар. Андыктан сасыган саясатчы жетектеген партияны да сасык деш керек, башка эмне дейсиң?”, – деген ал.

Атамекендик өндүрүштү тандайбыз

Президенттержен эң негизги кеңеш: “Атамекендик кийимдерди кийгиле”. “Мен Москвага болгон иш сапарымда кийип жүргөн костюм Бишкектеги тигүү цехинде даярдалган. Азыр үстүмдөгү костюм деле атамекендик өндүрүштүкү. Мен жалаң гана кыргызстандык өндүрүүчүлөрдөн кийинем”, – деген Алмазбек Атамбаев 2012-жылы.

Интернет колдонуучулар өз кезегине Атамбаевдин стили өзгөрбөгөнүн белгилешти.

2015-жылы Нурсултан Назарбаев чет элдик бренддерди куубай, атамекендик чеберлерден кийинүүгө кеңеш берген. Кийимин көрсөтүп, сөзүн бекемдеген.

“Мына мен да казакстандык өндүрүштөгү костюмчан отурам. Көрсөтүп деле берейин: мына, Казакстандын жеңил өнөр жайы. Туфлим да Казакстанда чыгарылган. Көрдүңүздөрбү, мен турушум менен биздин жеңил өнөр жайдын жарнамасымын”, – деген Назарбаев.

Президенттердин өздөрү болсо башкалардын кеңешине кулак салышпайт. Мисалы, Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматындагылар: “Атамбаев кесипкөй стилисттерге муктаж эмес. Ал өзү эле  мамлекет башчысы кандай кийиниш керек болгон кийимдерди киет, костюм галстук… өлкөнүн биринчи айымы кеңеш бериши мүмкүн, ал аябай  жарашыктуу кийинет. Анын үстүнө президент үчүн жумушу, өлкө келечеги маанилүүрөөк”,  -дешкен.

Нурсултан Назарбаев интервьюларынын биринде: “Президенттин күнүндө интернетте мени аябай талкуулашты: кайдан кийинет, галстугун ким тандайт деп. Эч ким тандабайт. Менин стилистим да, костюмерим да жок. Айрым президенттер иш сапарларына ушунун баарын ээрчитип жүрүшөт. Мен бала кезден эле кара жумушта жүргөн, дыйканчынын үйүнөн чыккан жигитмин, өмүр баяным да жумушчулукка байланышат, лом, күрөк кармаган металлургмун”, – деген Назарбаев.

Борбор Азиянын президенттери мына ушундай – стилди, моданы билишет жана тандоо табити да бар.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.