Мирлан Исраилов: үчүнчү көпүрөнү альтернатива катары куруп жатабыз

Учурда Ош шаарынын Сай бою менен Ленин көчөлөрүн бириктирген көпүрөөнүн курулушу жүрүп жатат. Ал арада тургундар көпүрөлөрдү көбөйтүүнүн ордуна жол оңдоого көңүл бурулса деп айтып чыгышты. Шаардык мэрия буга чейин эки көпүрөнү пайдаланууга бергени менен жол тыгынынын азайганы анчейин байкалбайт дегендер да бар.

Ош шаардык мэриясынын муниципалдык курулуш башкармалыгын жетекчиси Мирлан Исраиловдун “Ынтымакка” билдиришинче, үчүнчү көпүрө альтернатива катары курулуп жатат. Максат – эгер шаардагы башка көпүрөлөрдү оңдоого туура келсе, жаңы көпүрө аркылуу каттам жүрөт. Бул ремонт иштеринин жүрүшүндө унаа тыгыннын пайда болуусунун алдын алат.

“Эгер Нурматов көчөсүндөгү көпүрө оңдолуп калса же Р. Абдыкадыров көчөсүндөгү өтмөктү ремонт кылууга туура келсе, ошолорго альтернатива болуусу керек. Эгер ишке кирсе, Ленин жана Курманжан Датка көчөлөрүндөгү авто тыгындар азаят. Ал жактагы айрым каттамдар ушул көпүрө аркылуу жүрүп калат”, – дейт Исраилов.

Көпүрөнүн узундугу 48 метр, туурасы 14 метр болот. Анын эки тарабына тротуарлар курулат. Мындан тышкары, Сай-Бою көчөсү аркылуу 2,5 чакырым аралыкка веложол салынат. Көпүрөнү куруу үчүн 40 миллион сом сарпталып, каражаттын бир бөлүгү шаардын түштүк-чыгыш аймагына салынган көпүрөдөн үнөмдөлгөн акчадан коротулат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.