
Коронавирус инфекциясынын жана пневмониянын экинчи толкунун күтүп, дарыканалардан көп сандагы ашыкча дары-дармектерди сатып алуунун эч кажети жок. Мындай чакырыкты Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев берди.
Министрликтин өкүлү белгилегендей, үй шартында дары-дармек каражаттарын туура эмес сактоо анын курамынын өзгөрүшүнө алып келиши ыктымал. Мындан улам, дарыны ичүү натыйжасыз болуп же ден-соолука зыян тийгизиши толук мүмкүн.
“Жеке жактардын колунан дары-дармектерди сатып алуу сунушталбайт. Анткени алардын жасалышы жана сактоо шарттары белгисиз. Бул дагы сиздин ден-соолугуңуз үчүн кооптуу болушу ыктымал”,-деди Нурболот Усенбаев.
Медицина тармагындагы адистердин алдын ала жүргүзгөн божомолдоруна ылайык, күз-кыш мезгилдеринде коронавирустун экинчи толкуну болоору күтүлүүдө. Мындан улам буга чейин Премьер-министр Кубатбек Боронов COVID-19дун экинчи толкунуна ийгиликтүү каршы турууга мүмкүнчүлүк берген иш-чаралардын бардыгын натыйжалуу жана өз убагында аткарууну тиешелүү кызматкерлерге тапшырган.
«Мен мамлекеттик органдардын жана облус жетекчилеринен күз мезгилине карата иш-чаралардын планын толук кандуу жана сапаттуу жүзөгө ашырууну талап кылам. Силердин бул кадамыңардан элдин өмүрү жана ден соолугу көз каранды. Берилген тапшырма кечиктирилбестен, өз мөөнөтүндө аткарылышы керек», – деп белгилеген Өкмөт башчы
- 21.08.2020