Министрлер Кабинетинин 100 күнү: Москва – Бишкек – Москва авиакаттамдарынын саны көбөйтүлдү

Министрлер кабинетинин ишмердүүлүгүнө 100 күн. Бул убакыт аралыгында Министрлер Кабинети курулуш, транспорт, жол жана коммуникациялар тармагында бир нече иш-чараларды аткарды.

– Бишкек – Москва – Бишкек жана Москва – Бишкек – Москва туруктуу авиакаттамдарынын саны жумасына 3төн 7 рейске чейин көбөйтүлдү;

– «Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол автожолун (Балыкчы-Барскоон участогу, 0–141,640 км.) реконструкциялоо боюнча чаралар жөнүндө» Президенттин Жарлыгын ишке ашыруу боюнча Министрлер Кабинетинин чечими кабыл алынды;

–  Будапешт – Бишкек – Будапешт багытында жаңы аба каттамы ачылды;

– «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасына 100 жүк ташуучу вагон сатып алуу чечими кабыл алынган, анын ичинен 10 жүк ташуучу вагон өлкөгө алынып келинди;

– «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын республикалык бюджет алдындагы 500 млн сом өлчөмдөгү карызын жоюу маселеси чечилди;

– жарандардын аяр категориялары үчүн 2017-жылдын үлгүсүндөгү КР жарандарынын идентификациялык карт-паспортторун акысыз берүү маселеси иштелип чыкты;

– транспорт каражаттарын жыйымдын нөлдүк ставкасы менен кайра каттоо маселеси иштелип чыкты.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.