
Министрлер кабинетинин ишмердүүлүгүнө 100 күн. Бул убакыт аралыгында алгачкы мамлекеттик инновациялык борбор түзүлдү. Мындан тышкары, интеллектуалдык менчик жана инновациялар жаатында төмөнкү чаралар аткарылды:
– инновацияларды жана стартап экосистемаларды өнүктүрүүдө уникалдуу аянтча катары саналган алгачкы Мамлекеттик инновациялык борбор түзүлдү;
– республиканын жогорку, орто жана кесиптик башталгыч билим берүү мекемелеринде бизнес-инкубаторлорду түзүү боюнча долбоорду ишке ашыруу башталды;
– бизнес-инкубаторлорду түзүү боюнча сынактын жыйынтыгы боюнча бизнес-инкубаторлордун тажрыйбасын ишке киргизүү үчүн 36 жогорку окуу жайынын ичинен 11 ЖОЖ тандалып алынган.
- 01.02.2022