Министр: Майыптыгы бар жана ата-энесиз балдардын окуу акысын кайрымдуулук фонд төлөп берет

Өлкөдөгү томолой жетим, атасы каза болгон балдардын окуу акысы “Катар черити” кайрымдуулук фонду тарабынан төлөнүп берилет. Бул тууралуу Социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров билдирди.

Министр аталган макулдашуу ушул айдын башында жетишилгендигин билдирген.

“Такталган 500 баланын тизмесин аталган фондко бердик. Күн сайын түшүп жаткан арыздарды да тактап кошумча тизме кылып беребиз.
Социалдык колдоонун алкагында “Катар черити” кайрымдуулук фонду менен биргеликте дагы эки багытта кайрымдуулук иш-чарасын баштоого белсендик:

Биринчиси, учурда жогорку окуу жайларда билим алып жаткан ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген (майыптыгы бар) балдардын контрагын төлөп берүү. Экинчиси, 12 жашка чейинки жетим балдарга ( томолой, атасы каза болгон) ай сайын жөлөкпул төлөп берүү. Бул маселелер боюнча Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин райондук, шаардык башкармалыктарына кайрылыңыздар”,-деп жазган Улукбек Кочкоров Фейсбуктагы баракчасына.

Министр белгилегендей, башка кайрымдуулук фонддорунан жөлөкпул алып жүргөн балдар кабыл алынбайт.

Катар Кайрымдуулук уюму Кыргызстандагы Кызыл Жарым ай коомунун өнөктөшү болуп, калктын социалдык жана гуманитардык маселелерин чечүүгө көмөктөшүп келет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.