“Миллионердин сүйүүсү” тасмасындагы башкы каарман: “Алган жарым мени түшүнсө экен”

Учурда көпчүлүк киносүйүүчүлөрдүн купулуна толуп турган “Миллионердин сүйүүсү” тасмасында башкы ролду жараткан таланттуу актёр Нарбото Анарбаевдин чыгармачылыгы тууралуу маектештик. 

Актёр тууралуу:

Кичи мекени: Ош облусундагы Ноокат районунун Арбын айылы.

Туулган жылы: 1989- жыл.

Иштеген жери: Асанбек Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драма театры.

Тартылган тасмалары: “Революция токтотулат”, “Миллионердин сүйүүсү”, “Селкинчек”, “Кокуй кошуна”, “Данияр” ж.б.

Үй- бүлөлүк абалы: бойдок.

– Учурда талкууга алынып жаткан «Миллионердин сүйүүсү» тасмасында башкы ролду ойногонсуз. Бул тасманын талаасына кантип барып калдыңыз?

– Миллионердин сүйүүсүнө” чейин аталган кинонун сценаристи Өмүрзак Төлөбеков жетектеген “Ак бата фильм” тартуу тобу менен  “Революция токтотулат” деген тасмага тартылгам. Андан кийин эле “Миллионердин сүйүүсүнө” башкы каармандын ролуна сунуш түшүп, тартылып калдым. Кинонун режиссёру – актёр Аскат Сулайманов.

– Биз сөз кылып жаткан тасма соцтармактарда кызуу талкууланып, көпчүлүк көрүүчүлөр “мааниси жакшы экен, эми кино көргөндөй болдум” деген пикирлерди калтырып жатышат. Актёр эмес, көрүүчү катары сиз кандай баа берет элеңиз?

– Мага да аябай жакты. Негизи ар бир тасманын тарбиялык мааниси болуш керек, көргөн адам таасир алыш керек деп ойлойм. Бул кинону аткарып жатып да, көрүп жатып да өзүмө кандайдыр бир деңгээлде сабак алдым деп айта алам. Иштейм, акча табам деген адам кайсы жерде болсо да аракет кылса болоорун көрдүм. Андан тышкары акча үчүн үй-бүлөнү бузуу туура эмес экенин, колунда болсо да жөнөкөйлүк баарына жагаарын көрсөткөн тасма болду.

               “Миллионердин сүйүүсү” тасмасын жаратуучулар

– Тасмадан тышкары клиптерде да байма- бай көрүнүп келесиз. Баш-аягы канча кино, канча клипте роль жаратууга жетиштиңиз?

– – Ондон ашык клипте жана 3 тасмада башкы ролду жараттым.

– Кино айдыңына аралашуу бала кезден берки кыялыңыз беле?

– Ооба, кичинемден актёрлукка кызыкчу элем. Улам убакыт өткөн сайын менин жолум тасма талаасында экендигин түшүнүп, кесибиме олуттуу карап калдым.

– Дасыккан актёр болуш үчүн кандай аракеттерди көрөсүз, бул жаатта билимиңиз барбы?

–  Ооба, актердук билим сөзсүз керек. Мен Москва шаарындагы “ГИТИС” окуу жайынын “Поскритум” актёрдук чеберчилик мектебин 2 жыл окуп келгем. Андан тышкары ар дайым өзүмдүн үстүмөн иштеп турам.

– Москвадан билим алыптырсыз, демек Орусия өлкөсүнүн кино тармагынан кабарыңыз бар. Кандай өзгөчөлүктөрүн байкай алдыңыз?

– Мага Москвадагы ар бир сьёмка өтө чоң масштабда өтөөрү жакты. Жумушчулар эч нерседен кемсинишпейт экен. Ошондуктан, баары өз иштерин мыкты деңгээлде аткарышат. Ар бир художник, оператор жана режиссёрдун жардамчылары жана организаторлору болот. Ар ким өз жумушун так аткарып, сьёмка убагында, тез бүтөт.

– Чыгармачылыгыңыз өнүгүү жолунда экен. Алдыга дагы кандай пландарды коюп атасыз?

– Менин быйылкы жылга койгон эң негизги планым- үй-бүлө куруу. Алган жарым мени түшүнгөн жана колдогон жан болсо экен деп тиленип жатам. Үй-бүлө очогун тутантып алган соң калганын дагы көрө жатаарбыз.

– Тасма талаасынан иштеп тапкан каражатка канааттанасызбы?

– Эми ал менин аракетиме жараша. Бардык эле иште аракеттенип, көбүрөөк иштеп, жакшы акча тапканга болот деп ойлойм.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.