Мигранттар Кыргызстандагы аэропорттордогу текшерүүлөргө нааразы

Чет өлкөдөгү эмгек мигранттары Кыргызстандагы аэропорттордогу текшерүүлөргө нааразы. Алар аба майдандагы кызматкерлер  жүргүнчүлөрдү ашыкча текшерүүгө алышып, көп убакыт кетип жатканын жана айрым учурда акча талап кылганын эл өкүлдөрүнө айтышкан.

Бул боюнча маселе Жогорку кеңеште көтөрүлүп, эл өкүлдөрү тиешелүү кызматтарга абалды текшерип жөнгө салуу керектигин айтышты.

Депутат Өмүрбек Бабанов аба майдандардагы КР жарандарына болгон терс мамиле жөнгө салынбаса, аэропорт жетекчилерин алмаштыруу керек экенин белгиледи.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.