
Жалал-Абаддагы Көк-Арт дарыясында суу деңгээли көтөрүлүп, дамбаны алып кеткен. Мындан улам Благовещенка, Достук, Ынтымак, Арал, Тайгараев айылдарындагы эгин талааларын жана үйлөрдү суу каптоо коркунучу күч.
ӨКМ билдиргендей, дарыя жээгин бекемдөө үчүн 3 миң каптан ашык кум бөлүндү. Жуздөн ашык куткаруучу, жергиликтүүлөрдөн миңдей адам 19-апрелдин таңына чейин жээкти бекемдөө иштерин жүрүгүздү. Жумуш азыр да уланууда. Жеринде штаб түзүлдү.
Облустагы Майлуу-Суу, Шангет-Сай, Кара-Үңкүр, Көк-Арт дарвяларында суу ташкындоо коркунучу бар.
- 19.04.2017