Мергенчилер сынагында Ноокат, Алай командалары жеңишке жетти

Ош, Жалал-Абад жана Баткендеги мергенчилер таамай атуу боюнча өздөрүн сынап көрүштү. Бул боюнча сынак уюштурушуп, ага үч облустан 33 команда катышты. Ар бир команданын курамында 3төн мергенчи бар.

Мелдештин шарты өзгөчө болуп, ар бир катышуучу бир эле убакта эки учуучу бутаны атып түшүрүүсү керек. Эгерде бир бутага ок тийсе 10 балл, экөөнү атса 20дан упай берилди.

Мергенчилердин өздөрүн дареметин текшерген сынак Ноокат районунда уюштурулду. Максат – мыктыларды гана тандоо эмес, жаш мергенчилик менен мурунтан алектенип келгендердин тажрыйба алмашышына шарт түзүу.

Мелдешти ар жылы уюштурабыз.  Таамай атышуу боюнча мелдешке мергенчилик жөнүндөгү күбөлүгү барлар гана катышууга болот”,- деп белгиледи Ош-Баткен мергенчилер жана балыкчылар коомунун төрагасы Абдымажит Алымкулов.

Сынактын жыйынтыгында Ноокат жана Алай райондорунан келген командалар мыкты деп табылды. Алар акчалай сыйлык жана кубоктор менен сыйланышты. Бул сыяктуу иш-чаралар Ош-Баткен мергенчилер коомунда 2010-жылдан бери уюштурулуп келет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.