Менин сырым: Коркпо, аял!

Ар бир адамдын ичинде катылган, эч кимге айтууга даабаган сыры жашайт. Эми ал сырыңызды “Ынтымактын” “Менин сырым” рубрикасы менен бөлүшүп, жеңилдей аласыз.  

Оо, аялзат!

Кудайдын каарынан башка эч нерседен коркпо. Жашоонун ар бир күнүн кубанып жаша!

Өтүп кеткен жашыңдан коркпо, ашыкча салмагың, жүзүңө түшкөн бырыштарың, саамайыңдын ак аралаганы сага эч кандай коркунуч туудурбасын!

“Мени сүйбөй калсачы, мага көңүл бурбай койсочу” деген ойлор мээңе түнөп албасын!

Баарына кол шилтеп сал. Айланаңдагы адамдардын сен жөнүндөгү ой-пикири сени кызыктырбасын!

Башкалар үчүн эмес, өзүң үчүң жаша, аял!

Өзүңдү башкаларга көрсөтүүгө умтулба!

Коомчулукка туура келбей калуудан, бир нерсени билбей калуудан, билбегениңди сурагандан, шылдын болуудан, ыңгайсыз абалда калгандан эч качан коркпо!

Качанга чейин коркуп жашайсың?

Жупуну кийинүүдөн коркпо!

Учкандан коркпо, чөккөндөн да коркпо!

Көбөйүп кеткен көйгөйлөрүңдү чечкенден коркпо!

Күлгүң келсе күл, көөдөнүңө бук толуп турса, ыйлагандан коркпо!

Жалгыздык да сени коркутканга күчү жетпесин, жалгыз калгандан да коркпо!

Эч нерседен өзүңдү чектебе, жакпаган нерсени ачык айтканды үйрөн, денеңди түз кармап, адамдын көзүнө тике кара!

Өзүңө карата жасалган туура эмес мамилеге көз жумуп койбо, башкалардын сени басынтышына жол бербе!

Көңүлүңө жаккан нерсени жасоону адатка айлант, кылган нерсең өзүңө ырахат тартуулагандай болсун.

Бир гана Жараткандан жана башка бирөөнүн жашоосун жандап жашагандан корк!

Күчтүү бол, аял!

Facebookтан алынды…

Менин сырым: Мен чарчадым, жашагандан чарчадым

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.