Менчик унааны сатууда же алууда эмнелерди эске алуу керек ?

«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында, жеке менчик унааны сатуу жана сатып алуу боюнча бүтүмдү түзүүдө, сөзсүз түрдө «Унаа» мамлекеттик мекемесинин бөлүмдөрүндө автоунааны кайрадан каттоодон өткөрүү зарыл.

Жеке унааны ишеним кат боюнча сатып алууда же сатууда ээси төмөнкүдөй терстиктерге туш болуп калышы мүмкүн:

•        менчик ээси транспорт каражатынын салыгына жана жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн айыппулдарды төлөөгө жооптуу;

•        автотранспорт каражаты катышкан кылмыш же жол кырсыгы катталса, унаа ээси жооптуу.

•        ишеним кат менен автоунаа алуучу аны өзүнүн атына кайра каттата албайт;

•        мыйзамдуу ээси каза болгон учурда, ишеним кат күчүн жоготуп, мурастоо учурунда көйгөйлөр келип чыгышы мүмкүн.

Андан сырткары, жол эрежесин бузгандыгы үчүн, айып пулду төлөө боюнча жоопкерчиликтүү болуусу шарт. Сатып алууда чыр чыгып кеткен болсо, сатуучу тарабынан унаага берилген ишеним кат жокко чыгарылышы мүмкүн.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.