Мен Билем: Кыргызстандагы интернет дүкөндөрдүн ишмердүүлүгү

“Мен Билем” долбоорунун бул чыгарылышында Кыргызстандагы интернет дүкөндөрү боюнча сиз билбеген маалыматтар менен бөлүшөбүз. Сиздин кызыктырган сууроолордун баарына төмөндөгү макаладан жооп алсаңыз болот.

Кыргызстанда дүйнөлүк желе аркылуу буюмдарды сатыкка коюп, соода кылган интернет-дүкөндөр көбөйүүдө. Жаңы келип жаткан бул көрүнүшкө ишеним артып, интернетте буюмду сатып алгандардын саны да акырындап өсүп жатат.

Алардын кызматын пайдаланууда кардарлардын укуктары “Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндө” мыйзамы менен корголот.

  • Маселен, буюртма берген товар белгиленген мөөнөттө келбесе, керектөөчү акчасын кайтарып алууга укуктуу. Кыргызстанда орточо эсеп менен онлайн буюртма 60 күндөн баштап, 90 күнгө чейинки аралыкта жеткирилиши керек.
  • Ошондой эле товардын сапаты, өлчөмү сыяктуу нааразачылыктар жаралган учурда дагы кардар оюн ачык билдирүүгө укуктуу. Мындайда онлайн дүкөнгө кайрылса болот.
  • Мындан тышкары, Электрондук коммерция ассоциациясы керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатында иштеп келет. Ал үчүн e-com.kg  сайты аркылуу байланышууга мүмкүн.

Онлайн дүкөндөн товар алуу үчүн төмөнкү эрежелерди эске алыңыз:

  • Биринчиден сиз тандаган буюмдун канча жолу сатылганына маани бериңиз. Канчалык көп адам сатып алган болсо ал ишеничтүү дегенди түшүндүрөт.
  • Андан кийин баалосуна көз жүгүртүңүз. Негизи ар бир товарга бирден бешке чейин балл коюлат. Эгерде төрт же беш балл болсо бул жакшы көрсөткүч.
  • Товарга карата келген билдирүүлөрдү (комментарийди) карап чыгыңыз.
  • Эскерте кетсек, сиз башка мамлекеттеги дүкөндөн соода кылсаңыз анда виза, мастер кард үлгүсүндөгү карта менен төлөмдү ишке ашырышыңыз керек болот. Себеби өлкө ичинде жарактуу банк картасы аркылуу дүйнөлүк интернет дүкөндөрүнө буюртма берүүгө болбойт.

Макаланын видео версиясы бул жакта

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.