Мектептерге көп тилдүү билим берүү программасы жайылтылат

Бүгүнкү күндө көп тилдүүлүк долбоору  өлкө ичинде 56 мектепте, эки жогорку окуу жайы менен 5 бала бакчасында  ийгиликтүү жүрүп жатат. 

Бул тууралуу  Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы социалдык интеграциялоо борборунун көп тилдүү билим берүү боюнча эксперти Надира Жусупбекова маалымадады.

“Себеби азыркы заманда бир тил менен гана ийгиликтерди жаратуу кыйын. Андыктан, долбоордун алгачкы жыйынтыктарын талдап,  жыйынтык чыгарабыз. Бишкек  шаары боюнча 11 мектептин тажрыйбасы бар”, – деди ал.

Жусупбекованын айтымында,  келээрки окуу жылынан тарта тилдүү билим берүү программасы  өлкө  боюнча 68 мектепте,  18 бала бакчада ишке ашат.

Иштеп жаткан көп тилдүүлүк  программасын үйрөтүүдө негизги методикага басым жасалат,- дешет адистер. Анткени тил үйрөтүүнүн методикасын билбей туруп, билим берүү мүмкүн эмес. Андыктан, кыргыз тил мугалимдерине атайын чеберчиликти жогорулатуу курстарын окуу зарыл. Курстан чеберчилигин жогорулаткан  мугалимдер учурда алган билимдерин колдонуп жатышат.

Эми жаңы  окуу жылынан баштап айрым бир сабактар мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде  үйрөтүлө баштайт. Бул багытта ата-энелер, жарандар жана мугалимдер менен бирге даярдыктар жүрүп жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.