Мектептердеги ысык тамакка делген азык-түлүктөр окуучулардын үй-бүлөлөрүнө таратылууда

Билим берүү жана илим министрлиги Мерсико уюму менен биргеликте Кыргызстандагы 440 мектепте пайдаланылбай калган азык-түлүктөрдү башталгыч класстагы окуучулардын үй-бүлөлөрүнө таратууда. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Мерсико уюму 1-4-класстын окуучуларына ысык тамак берүү программасынын алкагында республикадагы 440 мектепти төрт түрдүү азык-түлүк (буурчак, күрүч, өсүмдүк майы, ун) менен камсыздап келет. Жалпы берүү берүү уюмдары аралыктан билим берүүгө өткөрүлгөндүгүнө байланыштуу аталган мектептердеги азыктардын калдыгы пайдаланылбай калган. Учурда алар балдары башталгыч класстарда билим алган үй-бүлөлөргө бөлүнүп берилип жатат.

Буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги БУУнун Бүткүл дүйнөлүк Азык-түлүк программасы менен биргеликте мектептеги тамак-ашка мерчемделген 116 тонна байытылган унду башталгач класстарда билим алган окуучулардын үй-бүлөлөрүнө таратып берүүнү баштаган.

Кызыл Ай коому Кара-Суу жана Ноокат райондоруна жардам көрсөттү

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.