
Мектептеги сабактар салттуу режимде кайра башталган учурда мектептердеги алгоритмдер жокко чыгарылбайт. Бул тууралуу оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык -эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.
Маалымдалгандай, коронавирустун алдын алуу үчүн окучуулар беткап кийип, колдорун тез -тез жууп, антисептиктерди колдонушу керек. Ар бир сабактан кийин бөлмөнү желдетүү, полдорду жана эшик туткаларын тиешелүү суюктук менен тазалоо жана аралыкты сактоо зарыл.
Эскерте кетсек, быйыл биринчи коңгуроо 15 -сентябрда кагылат.
- 02.09.2021