“Медицина кызматкерлеринин аброюна шек келтирсем кечирим сурайм.” Боронов дарыгерлерден кечирим сурады

Бүгүн, 13-апрель күнү биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов республикалык штабдын ишмердүүлүгү тууралуу онлайн жыйын берди.

Ал медицина кызматкерлеринин оорусу боюнча атайын адистерден турган комиссия иштеп жаткандыгын билдирди.

“Чет мамлекеттен маселени чечүү үчүн адистерге кайрылганбыз. Жакын арада бул боюнча маалымат берилет”,-деди Боронов.

Ошондой эле медицина кызматкерлери тууралуу мурунку брифингде айтылган сөздөрү боюнча да билдирүү жасады.

“Мен медицина кызматкерлеринин ооруп калганы тууралуу айткан элем. Аны айрым кызматкерлер өзүнө алып алган учур болуптур. Мен бирөөнүн аты-жөнүн, купуя сырын атаган эмесмин. Маалыматты бергенимдин негизги максаты, медицина кызматкерлерге чара колдонуп, алардын оорусун ашкерелөө болгон эмес. Коронавируска каршы күрөшүп жаткан кызматкерлердин келечекте андай маселеге чалдыкпай, милдеттерин так аткарып жүрүшсө деген ой болчу. Ал эми жалпы медицина кызматкерлеринен расмий түрдө кечирим сурайм. Эгер ошол маалымат сиздердин аброюңуздарга шек келтирген маалымат катары кабыл алынса, кечирим сурайм. Штабдын башчысы катары мен медицина кызматкерлери менен тыгыз иштешип, алардын кандай эрдик менен иштеп жатканын көрүп жатам”, – деди Кубатбек Боронов.

8-апрель күнү биринчи вице-премьер-министр онлайн жыйын учурунда “Ошто инфекциялык ооруканадагы дарыгер ооруну умрадан келген кошунасынан жуктуруп алып, кийин кесиптештерине жуктурган” деп айткан эле.

Анын мындай билдирүүсү коомчулукка тараган соң Оштогу балдардын инфекциялык ооруканасындагы дарыгерлер “Бизге жалаа жабышпасын, эч ким, эч кандай ажы тойго барган эмес” деген нааразычылыгын билдирип, бийликке кат жолдошкон. Ага улай коронавирус жуктуруп алды делген дарыгердин ага кур доомат коюлуп жатканын айткан жеке каты жарыяланган.

Боронов ӨК жана ӨА режимдерин узартууну кароо сунушун билдирди

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.