Медицина кызматкерлерине ыңгайлуу шарттар түзүлүп, мейманканаларга жайгаштырылып жатат

COVID-19 менен күрөшүү үчүн жумушка тартылган медицина кызматкерлери мейманканаларга жана конок үйлөргө жайгаштырылып жатат.

Мындай чечим республикалык штаб тарабынан кабыл алынган. Муну менен обсервациялык пункттарда жана мобилдик бригадалардын курамында иштеп жаткан медициналык кызматкерлердин коопсуздугун жана ден-соолугун сактоо, жашоосу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү максатталган.

Аны менен катар медкызматкерлерди жеке коргонуучу каражаттар, ысык тамак, транспорт менен камсыздоо маселеси Республикалык штабдын жана жергиликтүү бийлик органдарынын тыкыр көзөмөлүндө турат.

Февралда мамлекеттик карызды тейлөөгө бюджеттен 2,5 млрддан ашык каражат жумшалды

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.