Март айынын орто ченинен тарта Өзбекстан «Спутник-V» вакцинасын колдонуп баштайт

Чет элдик басылмалар маалымдагандай, орусиялык вакцина Өзбекстанда сертификациядан өтүп, калктын массалык түрдө эмделишине жол ачылды.
Анда эмдөө кампаниясы 2021-жылдын март айынын орто ченинде башталып, биринчи этапта өлкөнүн 7 миллион жараны эмдөөгө алынат.

«Спутник-V» вакцинасы дүйнөнүн 28 өлкөсүнөн колдоо тапты. Ага улай эле учурда Европа өлкөлөрү, анын катарында Германия жана Франция мамлекеттери Орусия менен аталган медициналык каражатты алуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Эскерте кетсек, Орусия дүйнөдө биринчи болуп “Гамалея” илимий институтунун адистери ойлоп тапкан коронавируска каршы вакцинаны август айынын башында каттаган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.