Маркумдун жакындары соттун чечимине нааразы болушту

Былтыр киши колдуу болуп каза тапкан милициянын подполковниги Таирбек Уларовдун жакындары сотторго нааразылыктарын билдирип чыгышты. Айтымдарында, өлүмгө тиешеси бар кылмышкерлерди Ош шаардык соту кыска эле мөөнөткө эркинен ажыраткан.
Тагыраагы, өлтүргөн адамга 23, ал эми кылмышка катыштыгы бар деген жаранга 7 жыл берилген. Бирок мындай чечимге жабыркаган тарап макул эмес. Алар киши өлтүргөн кылмышкерди өмүр бою эркинен ажыратып, кылмышка катыштыгы бар жаранды кеминде 25 жыл абакта калтырыш керектигин айтышты.
Азыркы тапта маркумдун жакындары Ош шаардык сотунун өкүмүн жокко чыгаруу максатында облустук сотко апелляция келтиришкен. Учурда облустук сот териштирүү иштерин баштады.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.