Маркум Исманалы Муратовдун жубайынын угуусу үч жылдан кийин калыбына келди

Мехригүл Саитова учурунда “Марал” радиосунун Ош шаарындагы бөлүмүн жетектеп турган журналист, маркум Исманалы Муратовдун жубайы болгон. Кош бойлуу учурунда ден-соолугу начарлап, натыйжада эки кулагы тең укпай калган эле. Арадан 3 жыл убакыт өткөндөн кийин, кайрадан угуу бактысына ээ болгон каарманыбыз башынан өткөн кыйынчылыктары тууралуу айтып берди.

Жолдошум бул дүйнөдөн өткөндөн кийин аалам караңгы болуп, жашоо токтоп калды. Убакыт жылбай, үстүмөн оор бир нерсе басып калгандай туюлган. Ал учурду бир гана өзүм элестете алам, андагы абалымды сөз менен жеткирип берүүгө күчүм жетпейт.

Менин ата-энем Чүйдө турушат. Исманалыга турмушка чыккандан кийин Ош шаарында жашап калдык. Жолдошум ооруп жаткан учурда Бишкекте кайын энемдин үйүндө болду. Илгери үмүт менен Исман айыгып келсе кайрадан бактылуу жашообузду улантабыз деп Ошко барып, жалгыз жашап жүрдүм. Бирок бизге чогуу жашаган күндөр буйрубаган экен.

Жолдошума болгон сагынычымды жазып, өзүмдү сооротоюн дегем. Күйөөсү жокто эмне жалгыз жашап жүрөт дегенсип, мени туура эмес түшүнгөндөр да болду. Эч кимге абалымды айтып, түшүндүргөнгө аракет кылган жокмун, баары бир түшүнүшмөк эмес да.

Жалгыз жашап жүргөн убакта чөнтөгүмдө тыйыным калбай калган учур деле болгон жок. Исмандын Оштогу тааныштары, ага-эже, достору мени колдоп жатышты, жашаган батиримдин акчасын да Исмандын тааныш агасы төлөп жүрдү. Ошондуктан, материалдык жактан эмес, кайгыдан көп кыйналдым. Учурдан пайдаланып мага жардан колун сунган, азырга чейин жардам берип турган жолдошумдун тааныштарына чексиз ыраазычылыгымды билдирип кетем.

Жолдошумдан айрылганыма кошумча дагы бир сыноо- кулагымдын укпай калганы болду. Кош бойлуу болгонго чейин ден-соолугум эң сонун болчу, ооруп көрбөгөн жан элем. Кош бойлуу кезде жана төрөттөн кийинки абалым оорлошуп, натыйжада бөйрөк ооруга кабылып, кулагым укпай калды. 3 жыл, 3 ай үнсүз жашоодо жашадым.

Кыргызстан Түркия келишими боюнча берилген квотанын негизинде кулагыма операция бекер жасалды. Бирок жолго, жашаган жерибизге жана тамак-ашыбызга кеткен чыгымды өзүм табууга туура келди. Анда да каражаттын көпчүлүк бөлүгүн Исмандын дос, тааныштары таап беришти. Андан тышкары өзүмдүн ата-энемден жана туугандарымдан көмөк алдым.

Түркияда жүргөндө да кыйынчылыктарга көп эле туш болдук. Квотабыздын мөөнөтү өтүп кетмей болуп, апам экөөбүз тең тил билбей жүргөн күндөрдүн биринде Исмандын досунун жардамын көрдүк. Ал Түркиянын министрлиги менен сүйлөшүп, маселебизди тез эле чечип берди. Ал жакта иштеген мекендештер да келип котормочу болушту. Ооруканада түнү менен жанымда болгон мекендеш сиңдиме болгон ыраазычылыгым өтө чоң. Тамак-аш, жашаган жерибизге чейин бекер болуп, өлкөбүзгө кайтып келе жатканда да жердештердин коштоосунда аэропортко келдик.

Чындыгында жардамга колун сунган мекендештеримди көрүп суктандым. Мен дагы алардай пайдалуу болуп, кыйналгандардын кубанычына себепкер болгум келди.

“Айдын он беши караңгы болсо, он беши жарык”экен. Азыр кулагым сонун угуп жатат, жараткан мага кайрадан жашоо тартуулап, үмүтүмдү тутантты. Демек, мен бактылуу жан экенмин. Укпай калган 3 жылда көп нерседен четтеп калдым. Жакын адамдардын, жаратылыштын үнү эле адамга канчалык бакыт тартуулаарын укпай калганда гана түшүндүм. Максатың канчалык чоң болсо да, мүмкүнчүлүк көп болсо да, бирок кулагың укпаса, анда бош турган буттарың тушалып калгандай эле болот экенсиң, баса албай калат экенсиң. Албетте, жазуу аркылуу деле бир нерселерди үйрөнүп, алдыга жылганга аракет кылдым, бирок окшошкон жок. Көрсө, денедеги ар бир мүчөнүн өз ролу бар экен да. Ал күндөрдүн өтүп кеткенине кубанам. Кулагым уга баштаганда башка, караңгы дүйнөдө камалып жатып, өз дүйнөмө кайтып келгендей сезимде болдум.

Эхх, жакшы көргөн адамдар менен сүйлөшүү, жактырган жумушуңду жасоо, бирөөнүн көзүн карап жалдырабай, өз кулагың менен угуу керемет да. Азыр менде баары бар, бул үчүн кудайга чексиз ыраазымын.

Учурда Бишкекте жашап жатам. Мындан кийинки жашоом, эмне менен алектенээрим тууралуу эч нерсе айта албайм, убакыт көрсөтөт. Эң негизгиси  жашоомду жаңыдан баштап, өзүмө көбүрөөк көңүл бөлө баштадым. Мен сырткы сулуулукка караганда ички сулуулукка көбүрөөк маани берем. Өзүмдүн үстүмөн иштеп, жан дүйнөмдү сулуулаганга аракет кылып жүрөм. Аялзат катары келбетиме да кам көрүп, ааламды көрккө бөлөгөн татынакай айымдардын катарын толуктагым келет. Мага жакшылык кылган ар бир адам менен, кубанычыма ортоктош болушкан, кулагым угуп келгенде белектерин көтөрүп келип куттуктаган жолдошумдун апасы менен, туугандары менен жакын мамилени улантуу алдыдагы пландарымдын бири.

Оор сыноолор келгенде адам сабырдуу, эрктүү жана баары жакшы болооруна ишениш керек экен. Ар бир көйгөйдүн чечилүү жолу бар, болгону адам аракет кылып, тынбаган изденүүнүн үстүндө болушу керек. Жүз эшикти кагып ача албасаң, жүз биринчи эшикти кагуу маанилүү экендигине ынандым. Албетте, кыйын болот. Мен да ден-соолугумду калыбына келтирип, кайрадан үндүү жашоого кайтып келүүм үчүн канча көз жаш төктүм.

Мындан 3 жыл мурда журналист Исманалы Муратов узакка созулган оорудан улам 26 жашында көз жумган эле. Альвеококкоз дарты менен жабыркап жүргөн Исманалыга Индиянын борбору Дели шаарында операция жасалып, боору алмаштырылган. ​Операцияга жалпы 60 миң доллардан ашык каражат сарпталган. Дарылануу үчүн каражатты маркумдун достору IsmanLife акциясын уюштуруп, базарларда кофе-чай сатып, ырдап акча чогултушкан. Талап кылынган сумманы чогултуу үчүн дээрлик 3 ай талап кылынган. Кийин “Элим барсыңбы?” коомдук фонду тарабынан Ош шаарында кайрымдуулук концерти да өтүп, жалпы 56 миң доллардай каражат топтолгон.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.