Манас таануучу Зияш Бектеновдун 110 жылдыгы белгиленет

Көрүнүктүү тилчи-илимпоз, манас таануучу, педагог, котормочу жана Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Зияш Бектеновдун 110 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анда маалымдалгандай, иш-чара 10-декабрь күнү саат 14:00дө Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында өтөт.

Зияш Бектенов 1911-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Кең-Суу айылында медицина кызматкеринин үй-бүлөсүндө төрөлгөн.

Атасы Бектен падышалык Орусияда үч жыл старшина болуп иштеген, өз мезгилинин билимдүү, сергек жана боорукер инсаны катары калк арасында медициналык жардам көрсөтүүнү колго алып, дени сак жашоого үгүттөгөн.

Зияш Бектеновдун өмүрү жана чыгармачылык айдыңы абдан татаал, кала берсе аянычтуу болгон. Ата-энеден эрте ажырап, агасынын колунда тарбияланат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.