Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы кызматтан кетти

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев жумуштан кетти. Бул тууралуу аталган фонддун пресс катчысы Махабат Мансурова билдирди.

“Мен кайсыл жерде иштебейин таза жана так иштегенге аракет кылам. Бирок белгилүү болгондой, жакында эле түшүнүксүз бир жардыргыч заттын үстүнөн козголгон кылмыш ишинин себепкери болуп калдым. Аталган факт коомчулукта чоң резонанс жаратып, талкууга кабылдым. Мындай кырдаал, албетте, менин намысыма жана жетишкендиктериме терс таасирин тийгизди. Андан да көбүрөөк өкүндүргөнү- жалпы эле КР өкмөтүнө көлөкө түштү,”- деп билдирди Дүйшенбек Зилалиев.

Зилалиев өкмөттү жана премьер-министрди коркунучка кабылтууга акысы жок экенин, ошондуктан кырдаалдан чыгуучу эң жакшы жол- отставкага кетүү экендигин кошумчалады.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси Дүйшенбек Зилалиев президенттин инаугурациясы күнү өкмөттүк трассага жардыргыч затты орнотуунун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча УКМК тарабынан суракка алынган.

Ал эми фонддун убактылуу жетекчилик милдетин  төраганын орун басары  Бакыт Мураталиев аткарат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.