Мамлекеттик экзамендердин жана аттестаттардын тапшырылуу мөөнөтү айтылды

Мектептерде 9-11-класстарда 2021-2022-окуу жылына карата мамлекеттик экзамендер 10-июнда башталып, 1-июлда аяктайт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова бүгүн маалымат жыйынында билдирди.

“Биз балдар жакшы даярданып алышсын деп, атайын бул убакытты бердик. 9-класстын бүтүрүүчүлөрүнө аттестат 11-июлда тапшырылат, 11-класстын окуучуларына аттестат тапшыруу 15-июлда болот ”, – деди Надира Жусупбекова.

Кыргызстандын билим берүү мекемелеринде жаңы окуу жылы 15 -сентябрда башталат. Акыркы коңгуроо 9-июнда кагылат. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду. Мындай чечим билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу үчүн өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга ылайык, оффлайн режиминде окутууга этап менен өтүү менен түшүндүрүлдү.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.