Мамлекеттик бюджетти колдоо үчүн ачылган эсепке 1,5 млрд сомдон ашык каражат чогулду

Мамлекеттик бюджетти колдоо максатында ачылган депозиттик эсепке 1,5 миллиард сомдон ашык чогулду. Бул тууралуу Экономика жана каржы министрлигинен маалым болду.

Билдирүүгө ылайык, каражатты укук коргоо органдары, юридикалык жана физикалык жактардан ыктыярчылар которушкан.

Буга чейин түшкөн акчанын бир бөлүгү мамлекеттик казынага которулган.

Бюджетти колдоо максатында депозиттик эсепти ачуу чечими учурдагы жылдын январында кабыл алынган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.