Мамлекеттик бюджетке салыктан 105 млрд сом түштү

Мамлекеттик салык кызматы 2021-жылы 105 млрд 714 млн сом салык жана жыйымдарды чогултту. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов билдирди.

Анын айтымында, план 109,2% аткарылган же 8 млрд 945,1 млн сомго ашыкча жыйналган.

“2020-жылга салыштырмалуу салыктардын келип түшүүсү 26,7 млрд сомго көбөйгөн. Анын ичинен республикалык бюджетке 86 млрд 332,7 млн сом жыйналган. Жергиликтүү бюджетке 19 млрд 381,3 млн сом чогултулду”, – дейт ал.

Абдувапов кошумчалагандай, 2022-жылы Салык кызматынын алдында 155,6 млрд сом суммасында салыктарды чогултуу милдети турат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.