Мамдирекция сапатсыз курулуштарды жүргүзгөнү үчүн жоопко тартыла элек

Бул тууралуу депутат Кенжебек Бокоев бүгүн парламентте баш прокурор Индира Жолдубаева мыйзамдуулуктун абалы боюнча баяндама жасап жатканда айтты.

Бокоев билдиргендей, Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекицянын ишин текшерүү боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын иши жөнүндө кабыл алынган Жогорку Кеңештин токтомундагы пунктар аткарыла элек. Сапатсыз курулушка жол берген бир да подрядчиктер жоопко тартылбай келе жатат. Ошондой эле, 996 кытай жаранына туруктуу жашоого уруксат берилип кеткенине чара көрүлбөй келе жатканын тизмектеди.

Депутат Аида Салянова козголгон кылмыш иштери боюнча маал-маалы менен инвентаризация болуп турушу керектигин Башкы прокурорго багыттады.

Эскерте кетсек, 2010-жылдагы кандуу, июнь каргашасынан кийин мамдирекция Түштүктө жалпысынан 173 объект курган. Алардын айрымдарында кум-шыбагы куюлуп, эшик-каалгасы жакшы жабылбаганы, сапатсыз курулганы тууралуу даттануулар буга чейин да көп ирээт айтылып келген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.