Майыптар күнүнө карата 15 жаштагы Исламга жардам көрсөтүлдү. Фото

Бүгүн, 3-декабрь – Кыргызстанда майыптардын Эл аралык күнү. Буга карата Ош шаарынын мэриясы, “Ош-Тазалык” ишканасы, социалдык коргоо бөлүмү тарабынан шаардагы майып балдардын бирине акчалай жардам жана азык-түлүк тапшырылды.

Ислам учурда 15 жашта. Ал тубаса майып төрөлгөн жана өз алдынча баса албайт, колдору дагы жакшы кыймылга келбейт. Бардык нерсени угуп, түшүнөт. Бирок үн чыгарып жооп бере албайт.

Апасы Чынара жардам берилгенине абдан кубангандыгын айтат. Мындай жардамдар ар дайым көрсөтүлүп тураарын кошумчалады.

“Балам бардык нерсени түшүнөт, болгону жооп гана бере албайт. Бул дагы кудайдын берген сыноосу деп түшүнөм. Жолдошум такси кызматында эмгектенет. Жашап жаткан үйүбүз өзүбүздүкү эмес. Үй алуу үчүн мэрияга арыз бергенбиз, чечилип калса жакшы болмок”,- дейт Исламдын апасы Чынара айым.

Ал эми Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов үй маселесин чечип берээрин убадалады.

Бүгүнкү күндө Ош шаарында жалпысынан 6999 майып адам катталган. Алардын 936сы 18 жашка чейинки балдар. Анын ичинен 4064 жаран майыптык пенсиясын алышат. Ал эми социалдык коргоо бөлүмү тарабынан 2935 адамга пенсия берилет.

Жергиликтүү бюджеттин эсебинен бир жылда 700 сомдук дары-дармектер таркатылса, эки жылда бир жолу 2000 сомго чейин тиш протези үчүн акча бөлүнөт.

 

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.