
Жалал-Абад облусуна караштуу Кой-Таш участкасында жер көчкү жүрүп, дарянын нугун айыл тарапка бурган. Анын айынан 37 үйгө кооптулук жаралды. Ушул тапта алардын 13ү туугандарыныкына жана окуу жадын жатаканасына көчүрүлдү. Калгандарын да көчүрүү уланып жатат.
Бул тууралуу Жалал-Абаддагы кабарчыбыз Кылымжан Азамат кызы жеринен кабарлады.
Айрымдар туугандарыныкына, кээ бирлери окуу жайдын жатаканасына жайгашты.
Майлысуу шаарындагы медициналык колледж жана техникалык окуу жайдын жатаканасынан 15 бөлмө Сары-Бээ аймактык башкармалыгындагы кооптуу жайдагы үй-бүлөлөр үчүн ажырытылды.
Эскерте кетсек, 28-апрелде саат 00:30 чамасында Майлуу-Суу шаарына караштуу Сары-Бээ аймактык башкармалыгынын Кой-Таш участкасында болжол менен 18 000 м3 жер көчкүсү Майлуу-Суу дарыясынын жарымына чейин сүрүлүп түшкөн. Көчкү 1993-1994-жылдары пайда болгон.
- 28.04.2017