Маданият министрлиги жыл жыйынтыгын чыгарды. Сүрөт

Бүгүн, 12-февралда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жыл жыйынтыгын чыгарып, 2021-жылга карата иш-чаралардын планын талкуулады.

Кеңейтилген коллегияга Президенттин, Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн Аппаратынын өкүлдөрү, министрликтин борбордук аппараты, түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөр, мекеме жетекчилери, өлкө сыймыгы болгон маданият жана спорт  тармагынын өкүлдөрү  катышты.

Отурумда өткөн жылы дүйнө жүзүн каптаган короноврус  инфекциясынын улам бир катар иш-чаралар өтпөй калгандыгы, бирок ага карабастан, Маданият министрилигинин онлайн форматта өткөргөн маданий иш-чараларынын деңгээли жана сапаты түшпөгөндүгү айтылды.

“Пандемия шартында маданий мекемелер карантинге жабылганы менен  кесиптик искусствону өнүктүрүү, китепкана, музей, театр, тарыхый маданий мурастар, эл аралык байланыштар, кино өндүрүш тармагынын иш аракеттери үзгүлтүксүз жүрүп жатты”.

“Жыл ичинде маданий иш-чаралар, спектаклдар март-декабрь айларында зал ичинде көрүүчүсү жок онлайн форматта тартууланып жатты”.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.