Маданият министрлиги Чокоев менен Примбердиевдин наамдарынан ажыратуу чечимин кабыл алды

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги коомчулуктун терс реакциясын жараткан ырчы Курал Чокоевдин чуулгандуу автордук программасы боюнча чечимдерди кабыл алды. Бул тууралуу министрлик маалымдады.
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин 2011-жылдын 12-июнундагы буйругу менен Курал Чокоевге ыйгарылган “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисин кайтарып алуу буйругуна кол коюлду.
Ал эми Кайрат Примбердиевди “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” наамынан ажыратуу боюнча маданият министрлининин сунушу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына расмий жөнөтүлдү.
Ошону менен бирге, министрликтин тиешелүү мекемелерине аталган ырчыларды Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан өткөрүлүүчү мамлекеттик маданий массалык иш-чараларга белгилүү мөөнөткө чейин катыштырбоо сунушталды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.