Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга кошумча каражат төлөнүшү мүмкүн

Жакын арада мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата- энелерине кошумча каражат төлөнүшү күтүлүүдө. Мындай токтомду Социалдык өнүктүрүү министрлиги өкмөткө сунуштап, учурда жобосу иштелип жатат. Ага ылайык, үйүндө олтуруп бала баккан ата-эне ай сайын 6000 сомго чейин акча алышы пландалган.

Майрагүл айымдын кичүү уулу тубаса майып төрөлгөн. Эненин айтымында, мамлекеттен алган жөлөк пул баласынын дары-дармегинен ашпагандыктан, ден-соолугун чыңдоо үчүн кошумча эч нерсе кыла албайт.

“Менин баламдын пенсиясы 3000 сом. Бул акча такма жалаякка кетет жана дары- дармек үчүн гана колдонулат”,-дейт Майрагүл айым.

Кыргызстанда майып балдардын саны 29 миңден ашат. Алардын 6000ден ашыгы жакын адамдардын камкордугуна муктаж. Мындан улам ар бир мүмкүнчүлүгү чектелген ата-эне үйүндө бала карап олтурууга аргасыз. Өкмөткө сунушталган жаңы долбоор ишке кирсе, жакын арада майып баласы барлар кошумча каражат ала алышат. Бирок бул мүмкүнчүлүгү чектелгендердин көйгөйүн чечип берет дегендик эмес дегендер да бар.

“Жашы 18ден жогору болгон 1-топтогу майыптар бар. Алардын жашы чоң болгондуктан, кам көрүү да ошончолук оор. Сууга түшүрүүдөн баштап, дааратканага алып баруу, кийинтүү, тамак берүүгө чейин канча түйшүк жатат. Ушулар эске алынса жакшы болмок”,- дейт Бишкек шаарындагы “Арди” майыптыгы бар балдардын ата-энелер коомдук биркмесинин жетекчиси Тамара Жумабекова.

Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга ай сайын берилүүчү жөлөк пул акыркы жолу 2012-жылы 50%га көтөрүлгөн.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.