Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саламаттыгы текшерилди

“Дени сак эл” ассоциациясы Кара-Суу районундагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саламаттыгын текшерүүгө алышты. Райондогу дүлөй балдар жатак мектеп интернатындагы 170 бала медициналык кароодон өтүштү. Текшерүү акысыз жүргүзүлдү.

Балдардын саламаттыгын текшерүүгө 40 дарыгер тартылган. Текшерүүнүн алкагында өспүрүмдөр менен кошо мектеп жамааты да медициналык кароодон өтүштү. Жыйынтыгында нерв оорулары менен жабыркагандар көп экени аныкталды.

Интернаттагы балдар өздөрүнүн ден соолугуна көп тынчсызданышат. Ошондуктан нерв оорулары менен көп жабыркай турганы текшерүүдө анык болду. Балдардын аталган дарт менен оорушуна ата-энесинен алыс болуп, мээримге муктаж экендиги да себеп болууда”,- деди  Кара-Суу райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгери Рустам Козубаев.

Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды акысыз кароо мындан ары да уюштурулуп турат. Кара-Суудагы дүлөй балдар мектеби түштүк боюнча балдарды кабыл алат. Азыркы тапта 170 бала билим алат.

Өткөн жылы түзүлгөн “Дени сак эл” ассоциациясы тоолуу аймактардагы социалдык абалы оор жана мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын саламаттыгын текшерүүгө басым жасайт. Буга чейин Өзгөн, Араван жана Кочкор-Ата райондорунун тургундарына акысыз кызмат көрсөтүшкөн. Текшерүүдөн өтүүнү каалагандар кат түрүндө кайрылышы зарыл.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.