Лондондогу чабуулду ИМ тобу мойнуна алды

Лондондогу чабуулду «Ислам мамлекети» террордук уюму жасаганы маалым болду. Жоопкерчиликти мойнуна алганын, террордук топтун мүчөлөрү Амак маалымат агенттиги тарабынан жарыялаган.

Эскерте кетсек, 3-июнь күнү кечке маал Лондондун так ортосунда жүк ташуучу автоунаа бир нече жөө жүргүнчүлөрдү койдуруп кеткен. Андан ары барып Боро-маркет соода борборунун жанына токтоп, автоунаадан түшкөн кишилер көчөдөн өтүп бараткандарга бычак менен кол салышкан. Жыйынтыгында чабуулдан 7 киши каза тапканы айтылат. Кол салган кишилер үчөө болгон.

Алар окуя болгон жайда тартип сакчылары тарабынан жок кылынып, жараат алган тургундар ооруканага жеткирилген. Маалым болгондой, чабуул жасаган кишилердин жанынан жанкечтинин курлары табылган. Учурда кырсыкка байланыштуу полиция кызматы күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.