
Ош шаары жаңы жылды өлкөдөгү эң бийик балаты жана жылдагыдан өзгөчө жасалгалоолор менен тосуп алат. Балатынын узундугу 30 метрге жетип, Борбор калаадагы балатыдан 5 метрге бийик орнотулду.
Жалпы борбордук аянтты жасалгалоо үчүн 1 млн сом бөлүнүп, жылдагыга караганда бир топ өзгөчөлүктөр күтүлөт. Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы Мирлан Исраиловдун айтымында, Лениндин эстелигинен баштап аянттын бардык бөлүгү кооздолот. Андан сырткары “Селфи-центр” деп аталган атайын сүрөткө түшүүчү жай даярдалмакчы. Жасалгалоо иштери дээрлик аяктап, кийинки жумадан баштап балатынын жандырылышы пландалууда.
Андан сырткары Ленин жана Курманжан Датка көчөлөрүндө жайгашкан мекеме-ишканалар дагы имараттарын кооздоп, шаардын жаңы жылга болгон даярдыгына салымдарын кошушат.
Жаңы жыл күнү борбордук аянтта оюн-зоок, концерттик программалар өткөрүлүп, белектер берилээрин Ош шаарынын вице- мэри Нурбек Кадыров билдирди.
Текст: Таңкыз Эргешбаева
Нуржамал Баргыбаева
Оператор- монтажер: Азам Бузриков
- 19.12.2017