Өлкөдө мамлекеттик дарыканалар ачылышы мүмкүн

Кыргызстанда 2018-жылга чейин мамлекеттик дарыканалар ачылат. Тиешелүү мыйзам долбоорун Саламаттыкты сактоо министрлиги иштеп чыгып, парламенттин кароосуна чыгарды. Долбоор колдоо тапса, дары-дармектерге бирдиктүү баа коюлуп, аны өкмөт өзү көзөмөлдөйт.

Ал эми медициналык буюм жана дарылар электрондук базага киргизилип, муну ишке ашырууга каражат эл аралык донорлордон алынат.

“Мамлекет бардык дарыларга баа коюп берет. Андан бир сом да жогору сатканга болбойт”, – дейт Саламаттыкты сактоо министрлигинин медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясат башкармалыгынын башчысы Саматбек Тойматов.

Дары каражаттарын сатууну жөнгө салган мыйзам долбоору тармактык комитетте биринчи окуудан өттү. Мыйзам долбоору эми парламенттин жалпы жыйынында талкууланат.

Белгилей кетсек, азыр Кыргызстанда бир дагы мамлекеттик дарыкана жок. Жеке менчик аптекаларда дарыларга бирдиктүү баа коюлбай, түрдүү наркта сатылганы жарандарды нааразы кылып келет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.