
Үстүбүздөгү жылдын январь айында өткөн жылдын январына салыштырмалуу жалпы республика боюнча тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын баалары 18,5 пайызга жогорулады. Бул тууралуу улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Анда маалымдалгандай:
– өсүмдүк майларына 54,6 пайызга
– картошка 46,3 пайызга
– жумуртка 35,4 пайызга
– кумшекер 33,1 пайызга
– эт 27,5 пайызга
– ун 16,5 пайызга
– жаңы бышкан жемиштер 15,1 пайызга
– макарон азыктары 16,6 пайызга
– алкоголсуз суусундуктар 6,9 пайызга
– майлуугу 2,5 – 3,2 % пастеризацияланган сүт 5,5 пайызга
– нан 5,2 пайызга
– балыктын баасы 3,3 пайызга жогорулаган.
Ал эми:
– таруу 5,4 пайызга
– тооктун сан эти 1,9 пайызга
– бисквит тортунун баасы 0,1 пайызга төмөндөгөн.
Үстүбүздөгү жылдын январь айында өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу жалпы республика боюнча тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын баалары 1,7 пайызга жогорулаган:
– уйдун боору 9,3 пайызга
– картошка 4,6 пайызга
– койдун эти 4,0 пайызга
– өсүмдүк майлары 3,8 пайызга
– сүт азыктары, сыр жана жумуртка 3,5 пайызга
– жумуртка 11,1 пайызга
– тоңдурулган балык 2,6 пайызга
– эрүүчү накта кофе 2,3 пайызга
– нан 1,1 пайызга
– кумшекер 0,9 пайызга
– таруунун баасы 0,7 пайызга жогорулаган.
Ал эми:
– бал 1,8 пайызга
– вафелдик тортм0,5 пайызга
– ышталган балык 0,2 пайызга
– куюп сатылуучу сүт 0,2 пайызга
– күрүч жана гречиха акшагынын баасы 0,1 пайызга төмөндөгөн.
- 19.02.2021